• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Элдик курултайга келгендер тууну өзгөртүүгө кандай карайт?

15 Бештин айы 2023 13:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүүдө. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700дөй делегат келди.

«Элдик курултайга келгендер тууну өзгөртүүгө кандай карайт?» сурамжылоо жүргүздүк…

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген.

Парламенттин сайтына буга чейин мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган. Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Бул демилге коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Количество просмотров: 478