• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору кызматтан кетти

2 Бирдин айы 2021 10:15 Бишкек Govori.TV

«Электр станциялары» ААКнын башкы директору Жолдошбек Ачикеев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ачикеев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Компаниянын директорлор кеңеши тиешелүү чечим кабыл алып, 1-февралдан тартып Таалайбек Бектенов башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жолдошбек Ачикеев башкы директордун кызматты 2020-жылдын 27-февралынан бери ээлеп келген.

Количество просмотров: 40