• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Электрондук тамекини импорттоого кирген чектөөнүн мөөнөтүн узартуу сунушталды

24 Чын куран 202613:30 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого кирген чектөөнү дагы алты айга узартууну сунуштады. 23-апрелде коомдук талкууга коюлган долбоор 2025-жылы күчүнө кирген мыйзамдын талаптарын аткарууга багытталган.

Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, мындай чектөө быйыл 10-январдан тартып алты айга киргизилген жана бул аралыкта Кыргызстанга бир да электрондук тамеки ташылып келинген эмес.

Документте никотин суюктугу камтылган электрондук тамекилерди ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана пайдаланууга биротоло тыюу салуу каралган.

Количество просмотров: 180