• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын директору абактан чыкты

29 Бештин айы 202323:57 Бишкек Govori.TV

«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун бөгөт чарасы эч жакка чыкпоого алмаштырылып, тергөө абагынан бошотулду. Мындай чечимди Октябрь райондук соту 27-декабрда чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү берген.

Эске салсак, Акматов 12-октябрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу” беренеси менен айып тагылган.

Теги:
Количество просмотров: 264