• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эми кызыл жана жашыл китептин ордуна кадастрдык план берилет

28 Жетинин айы 202515:40 Бишкек Govori.TV

Эми кызыл жана жашыл китептин ордуна кадастрдык план берилет. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кадастрдык план – бул жер тилкесине же башка кыймылсыз мүлккө берилүүчү негизги документ. Башкача айтканда, жердин «паспортунун» милдетин аткарат.

Кадастрдык план кимдер ала алат?

Кадастрдык планды алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар Жер агенттигинин жергиликтүү каттоо органдарына арыз менен кайрылуусу зарыл. Жергиликтүү каттоо органдары кадастрдык планды даярдап, электрондук базага киргизген учурда «Түндүк» тиркемесинен көрүүгө болот.

Кадастрдык планда кайсы маалыматтар камтылат?

  • жердин номери;
  • жердин кандай категорияга кирери;
  • эмне үчүн колдонулары;
  • жердин аянты;
  • кайсы жерде жайгашканы;
  • жердин картасы жана координаттары;
  • жерге байланышкан укуктар жана чектөөлөр;
  • кимге таандык экени жана ошол жер боюнча мурда жасалган бүтүмдөр.

Бул документ мурун берилчү мамлекеттик актылардын ордун толук басат. Эми ар бир жеке же юридикалык жак ушул кадастрдык планды алат.

Количество просмотров: 109