• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Эмомали Рахмон Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизди

25 Тогуздун айы 2022 9:26 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдө электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилгенин тастыктады.

Эмомали Рахмон 24-октябрда Нурек шаарында жашоочулар жана активисттер менен жолугуп жатып, ушул тапта “дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү энергетикалык каатчылыкка кептелгенин, атүгүл айрым өнүккөн мамлекеттер да электр-жылуулук системаларына чектөө киргизгенин” айтты.

“Азыр жылуу аба ырайынан пайдаланып, өлкөдө электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Бирок бул убактылуу нерсе. Чектөө кыш мезгилинде калкты электр кубаты менен толук камсыздоо үчүн киргизилди”, — деди Рахмон.

Ал элди жарыкты үнөмдөөгө чакырды.

Эмомали Рахмон Нурек шаарына Нурек гидроэлектростанциясынын биринчи агрегатынын ишке берилишине байланыштуу барган.

Количество просмотров: 614