• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эркиндик бульварындагы 28 көчөттү сындырган адам кармалды

12 Теке 202518:44 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Эркиндик бульварында белгисиз адамдар 28 көчөттү сындырып кеткенге шектелип, 28 жаштагы Б.Ю. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБи билдирди.

Маалыматта айтылгандай, көчөттөрдү сындыргандардын жоругу видеого түшүп калган. Милицияга «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы аларга карата чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган.

Шектүү мындай жорукту мас болуп калып жасаганын айткан. Ал тергөө кызматына жеткирилип, айыбы угузулуп, эч жакка чыкпоо тил каты алынган.

Учурда чыгымдын ордун толтуруу каралууда.

Теги:
Количество просмотров: 121