• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Эртең Башкы прокуратура ЖК комитеттеринде былтыркы иши боюнча отчет берет

4 Чын куран 202216:22 Бишкек Govori.TV

Эртең, 5-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитетинде Башкы прокуратуранын отчету каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, баяндаманы башкы прокурор Курманкул Зулушев жасап, 2021-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берет.

Белгилей кетсек, аталган маселелер Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттеринде талкууланат.

Количество просмотров: 94