• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эртең Бишкектин кээ бир аймактарында суу өчүрүлөт

11 Жалган куран 202411:01 Бишкек Govori.TV

Эртең, 12-мартта турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9:00дөн 18:00 гө чейин берүү токтотулат.

Ичүүчү сууну өчүрүү суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Өчүрүү району: Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламедин суусу, темир жол менен чектешкен тилкемеде жана Октябр көчөсүндө.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.

Количество просмотров: 146