11-мартта Ислам дининдеги ыйык Рамазан айы башталат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы 10-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулуп, дүйшөмбүдөн орозо камаларын маалымдаган.
Бул айда мусулмандар 30 күн орозо кармап, таң аткандан күн батканга чейин тамактанышпайт, суу ичпейт.
Рамазан айы бул жылы 10-апрелде Айт майрамы менен жыйынтыкталат. .