• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эртең Жогорку Кеңеш жыйынга чогулат

21 Аяк оона 2021 11:49 Бишкек Govori.TV

Эртең, 22-сентябрда саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. «Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо» долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

2. «Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

3. «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Сыдыгалиев Н.Ө.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет);

4. «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Дж., Рыспаев К.Дж., Эсенаманов З.С., Турусбеков Б.С., Тагаев Э.С., Нурдинов Б.) (Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет);

5. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Иманалиев К.К., Бакиров Ө.М., Шарапов З.Э., Эсенаманов З.С., Кыдыралиев У.Т., Ибраев С.К., Тагаев Э.С., Момбеков Р.Ч., Арзыбаев Н.И.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

6. «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы, кир. № 6-10027/21) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

7. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Ибраев С.К., Турусбеков Б.С., Иманалиев К.К., Асылбаева Г.К., Омуркулов И.Ш., Икрамов Т.И., Атазов Ш.К., Орозова К.Б., Акаев Ж.К., Строкова Е.Г., Джураев С.М., Жолдошбаев К., Токтомамбетов А.Ж., Мурашев Н.М., Бакиров М.С., Тагаев Э.С., Ормонов У.З., Бешимбаева А.К., Айдаров Н.А., Тиллаев Т.Г., Шарапов З.Э., Бердиев А.Т., Кулбараков А.И., Садиков У.Ч., Исмаилов У.Ч., Исманов С.Ж., Арзыбаев Н.И., Кемелов А.К. Абдылдаев Ш.И., Осмонов А.Ж., Нышанов С.К.,Туманбаева Р.М., Молдалиев С.У., Карашев А.А.,Самаев У.О., Алтыбаева А.Т., Дюшалиев А.К., Тотонов Н.Т., Каримов Н.Т., Маматалиев М.А., Бакиров О.М., Эгембердиев М.Б., Тулендыбаев П.Р., Осмонова А.Ш., Алыбаев О.А., Рыспаев К.Дж., Жоробеков Т.У., Байбакпаев Э.Дж., Жунус уулу Адыл, Айнакулов М.А., Койчуманов М.Н., Нурдинов Б., Аманова Б.К., Торокулов Д.Г., Исаева Д.Ш., Турусунбаев А.А., Урумкалиева Ч.Ч., Маннанов И.А., Молдобекова Г.С., Кодуранова А.С., Юсуров А.Л.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

8. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Суу кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине, «Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө» Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Торобаев Б.Э., Абдалиев М.А.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

9. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 23.04.21деги №166 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

10. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 23.04.21деги № 168 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

11. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Баалоо иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4682-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

12. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, «Күрөө жөнүндө» Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы № 4684-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

13. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

14. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4190-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

15. «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле «Вега» радиокуруу концерни» акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы №4576-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Количество просмотров: 94