• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Эртең Жогорку Кеңеш жыйынга чогулат

3 Жетинин айы 202017:25 Бишкек Govori.TV

Эртең, 4-ноябрда Жогорку Кеңеш жалпы жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, боло турган жыйындын күн тартибинде 4 маселе бар.

Алар:

  • Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн шайлоо (талапкерди оппозициялык квотадан «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы көрсөтөт);
  • Курулуш тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору;
  • Суу-биологиялык ресурс, аквамаданият жана балык чарбасын колдоо жөнүндө мыйзам долбоору;
  • Балык чарбасын өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору.
Количество просмотров: 73