• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Эсептик чен 13% деңгээлинде сакталып калды

25 Чын куран 2023 11:08 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 24-апрелине карата Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасында оң тенденция сакталып турат. ИДӨнүн реалдуу өсүш арымы 2023-жылдын январь-март айлары ичинде 4,6 пайызды түзгөн. Өнөр жай, кызмат көрсөтүү секторлорунда өндүрүштүн өсүшү экономиканын өсүшүнө көбүрөөк салым кошуусун улантууда. Ички суроо-талап чөйрөсү туруктуу кеңейүүдө.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда керектөө баалары 2023-жылдын башынан тартып 3,2 пайызга өскөн, мында апрель айында (2023-жылдын 14-апрелине карата) жылдык инфляция көрсөткүчү 2022-жылдын декабрь айындагы 14,7 пайызга караганда бир аз басаңдап, 10,5 пайызды түзгөн.

Жалпысынан Кыргызстанда инфляция бир аз басаңдаган, бирок тышкы чөйрөдө белгисиздик жагдай дагы деле жогорку деңгээлде сакталып турат: дүйнөлүк инфляциянын болжолдуу көрсөткүчтөрү жогорку мааниде сакталып, тышкы финансы рыноктору өзгөрүлмөлүү бойдон калууда. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы жагдайдын андан ары туруктуу абалга келиши Кыргыз Республикасындагы инфляциянын басаңдашына өзүнүн таасирин тийгизет, ошол эле учурда бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы менен байланышкан факторлор инфляцияга түрткү берген ички факторлор бойдон калууда. Инфляциянын келечектеги тенденциялары көп учурда дүйнөдөгү геосаясий жагдайга көз каранды болот», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Султанкулов белгилегендей, тышкы жана ички экономикалык чөйрөдө түптөлгөн өнүгүү шарттарын эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды.

Количество просмотров: 45