Бишкек шаарында автогаз тартыштыгы боюнча абал 10 күндө турукташат. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирген.
«Бишкекте эле автогаз жетишсиз болуп жатат. Анткени, борбор калаада такси унаалары, коомдук транспорт, жеке унаалар газга өткөн. Ал эми өлкөнүн башка аймактарында абал туруктуу», — деди ал.
Эшатов кошумчалагандай, Россияда газ ташыган вагон цистерналар жетишсиз болуп жаткандыктан Кыргызстанда автогаз тартыштыгы жаралып жатат.