23-24-июль күндөрү Кыргызстанга Бүткүл Кытай Эл ѳкүлдѳр жыйынынын төрагасы расмий иш сапары менен келерине байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чектөө киргизиле турган көчөлөр:
Буга байланыштуу ЖКККББ бул көчөлөрдүн жээгине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо, жолго чыкпай турууну суранат. Ошондой эле жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Эскерте кетсек, эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.