• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү

26 Тогуздун айы 2023 15:54 Бишкек Govori.TV

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү.

Жыйындын алдында делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү аземи орун алды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучулары алдында сөз сүйлөдү.

Ал бул кеңешменин жыйынтыгы Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда жана Биримдиктин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда дагы бир маанилүү кадам болоруна ишеним билдирди.

«Тар форматта өткөн жыйында конструктивдүү сүйлөшүүлөр орун алат деп үмүттөнөм. Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикте жайгашкан боордош мамлекеттер катары элибиздин жана Биримдигибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жыйындын күн тартибине коюлган бардык маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келээрибизге ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

Жалпысынан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына 30 жакын маселе камтылган.

Количество просмотров: 104