Улуттук банк 24-декабрга карата валюталар курсу боюнча жаңыланган маалыматты жарыялады.
Ага ылайык, евро жана рублдин баасы өткөн күнгө салыштырмалуу бир аз көтөрүлсө, доллар өзгөрүүсүз калды.

Коммерциялык банктарда доллар 87,38 сомдон сатып алынып, 87,81 сомдон сатылууда. Ал эми рубль орточо 1,10 сомдон сатып алынып, 1,12 сомдон сатылып жатат.