14-февралда Бишкекте Европа Биримдигинин жана Борбор Азия мамлекеттеринин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жана чабармандарынын кезектеги, бешинчи жолугушуусу өттү.
Жолугушууга Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева да катышты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жолугушуунун катышуучулары Ооганстандагы азыркы абалды, окуяларды, Катардын борбор шаары Дохада өтө турган экинчи эл аралык жыйынга карата БУУ алкагында уюштурулуп жаткан иштердин жүрүшүн талкуулашты.