• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетет

8 Үчтүн айы 20249:22 Бишкек Govori.TV

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Европарламенттин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетет. Еврокеңештин башчысы бир эле маалда парламенттин да депутаты боло албайт.

Мишелдин кызматтык мөөнөтү 2024-жылдын ноябрында аякташы керек болчу. Ал бул кызматты 16-июлда Европарламенттин депутаты катары ант бергиче аткара берет. Европарламентке шайлоо июндун башында өтөт.

Мишель шайлоого Бельгиянын «Реформатордук кыймыл» деп аталган либералдык партиясы менен аттанат. Ал бул партияны 2011-2019-жылдары жетектеп турган.

Шарль Мишелдин айтымында, анын ордуна Еврокеңештин төрагалыгына ким келери июнь-июль айларында белгилүү болуп калышы мүмкүн. Эгер ага чейин жаңы жетекчи аныкталбаса, бул милдетти Венгриянын өкүлү аткарат.

Еврокеңештин төрагасы эки жарым жылга шайланып, аны дагы бир мөөнөткө узартууга жол берилет.

48 жаштагы Шарль Мишель — Бельгиянын жараны. 2019-жылдан бери Еврокеңештин төрагасынын кызматын аркалайт. Ага чейин Бельгиянын өкмөтүн жетектеген эң жаш премьер болгон.

Былтыр 2-июнда Мишель Чолпон-Ата шаарында өткөн «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитине катышып, бул сапары Кыргызстан менен Евробиримдиктин алакасын жаңы деңгээлге чыгарууга жол ачарын белгилеген.

Количество просмотров: 80