Европа аймагында (Румыния, Италия, Австрия, Чехия, Венгрия, Испания, Швеция) өткөн жылы башталган кызамык оорусу күч алууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы республикалык иммунопрофилактикалык борбор маалымдады.
Оору көбүнчө иммунизация жүргүзүүнүн деӊгээли белгиленген чектен 95 пайызга төмөндөп кеткен өлкөлөрдө тарап жатат. Жугуштуу кызамык оорусуна байланыштуу абал Россия Федерациясында дагы жакшы эмес.
Буга байланыштуу адистер мындай оору менен мурда оорубаган жана буга каршы эмдөө албаган балдарды кызамыкка каршы эмдетүүнү сунуштайт. Профиалктикалык эмдөөнүн улуттук календарына ылайык, паротит, кызамык, кызылча ооруларына каршы 12 айынан баштап алты жашка чейин эмдөөдөн өтүшү керек.
Вакцинация — кызамык оорусуна каршы күрөшүүнүн мыкты куралы. Балдарын аталган орруга каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер алардын ден соолугун тобокелдикке салышат. Аба аркылуу жуга турган бул оору борбордук нерв системасынын, дем алуу органдарынын, ашказан-ичегини жабыркатышы мүмкүн. Ошондой эле балдардын эрте жашында майыптыкка кабылышынын себептеринин бири. Кызамык жана кызылча ооруларына каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр өмүрүнүн кайсы курагында болбосун аталган ооруга чалдыгышы мүмкүн.