• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Фактчек: Карталарда Кемпир-Абад Өзбекстандын аймагына өткөнү чын

13 Чын куран 2023 15:08 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Кемпир-Абад суу сактагычы  Кыргызстандын картасынан чыгарылып, Өзбекстандын аймагына киргени айтылды. 

«Т-Медиа» бул маалыматты текшерди. 

Google Earth тиркемесинде Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстандын аймагында экени көрсөтүлөт. 

OpenStreetMap картасы да ушундай эле маалыматты көрсөттү.

Басымдуу бөлүгү Кыргызстанда эле

Буга чейин картада суу сактагычтын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын аймагында экени көрсөтүлчү. Алсак, 2022-жылдын 18-ноябрында Kaktus.media басылмасына чыккан макалада Google Earth тиркемеси төмөндөгүдөй маалымат берген:

Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрь айында Temirov LIVE ютуб-каналы да Кыргызстан менен Өзбекстан алмашмак болгон жерлерди карта аркылуу түшүндүргөн. Журналисттер мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевге шилтеме берип, Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстанга таандык экенин билдиришкен. 

Камалган активисттер

Кемпир-Абад иши боюнча беш айдан ашуун камакта жаткан Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов, «Бириккен демократиялык кыймылдын» мүчөсү Улукбек Маматаев, активист Чыңгыз Капаров жана активист Таалайбек Мадеминов Биринчи Май райондук сотунда 12-апрелдеги чечими менен үй камагына чыгышты.

2022-жылдын октябрь айында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыр октябрь айында Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алынган.

Жыйынтык: Кемпир-Абад суу сактагычы карталарда Өзбекстандын аймагында жайгашып калганы чын. 

Булак: Т-media.kg.

Количество просмотров: 572