• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келди

5 Бугу 2023 9:41 Бишкек Govori.TV

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино биринчи жолу Кыргызстанга келди.

Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз футбол бирикмесинин (КФБ) башчысы Медербек Сыдыков тосуп алды.

Кыргызстанга болгон биринчи сапарында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугушат.

Андан тышкары, ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино менен президент Садыр Жапаров Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда.

КФБ өкүлдөрү билдиргендей, жолугушуулардын алкагында эл аралык уюмдун КФС демилгелерин колдоо, тактап айтканда, өлкөдөгү футболдук инфраструктураны жакшыртуу жана атамекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Кыргызстанга келди.

Количество просмотров: 107