• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

FIFA футзал боюнча рейтинг жарыялады. Кыргызстан кайсы орунда?

8 Бугу 2024 10:45 Бишкек Govori.TV

ФИФА алгачкы жолу футзал боюнча улуттук курама командалардын рейтингин жарыялады. Кыргызстандын курама командасы 139 команданын ичинен 41-орунду (1091,36 упай) ээледи.

Тизменин башында Бразилиянын курамасы (1568,41 упай), экинчи орунда Португалиянын командасы (1527,61), үчүнчү орунда Испания (1514,42) турат.

Эске салсак, футзал боюнча Азия Кубогунда Кыргызстандын курама командасы алтынчы орунду алган.

Кыз-келиндер рейтингинде биринчиде Бразилия (1364,75), андан кийинки орундарда Португалия (1302,33) жана Испания (1266,33) командалары турат. Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы 69 команданын ичинен 66-сапты (850,34) ээледи.

Количество просмотров: 84