Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, күн тартибиндеги маселелер каралып бүткөндөн кийин добуш берүү башталды.
Депутаттар каттоодон өтүп, вице-спикер Мирлан Бакиров мыйзамды окуп берип жатып, Франкфурт-на-Майне шаарынын аталышын туура эмес айтты.
«2017-жылдын 25-сентябрында Люксөмбург [Люксембург] шаарында кол коюлган агрардык өндүрүштүк сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндөгү макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкрут жана Майне [Франкфурт-на-Майне] шаарында кол коюлган агрардык өндүрүштүк сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндөгү келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору…», — деди Бакиров