• Ишенби 13 Кулжа 2026
  • Суббота 13 Июнь 2026

Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

13 Кулжа 202614:23 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын жол тармагын реабилитациялоо долбоорунун алкагында 16-июндан 1-августка чейин Фрунзе көчөсүнүн Осмонкул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.

Аталган иштер Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоо боюнча долбоордун биринчи этабы болуп саналат. Жалпысынан оңдоо иштери Осмонкул көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки аралыкта жүргүзүлөт.

Жол кыймылын этап-этабы менен чектөө оңдоо иштеринин шаардагы транспорттук абалга тийгизген таасирин азайтуу жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында уюштурулууда.

Убактылуу чектөөлөргө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Долбоордун ишке ашырылышы жана кийинки этаптар боюнча кошумча маалыматтар Бишкек шаарынын мэриясынын расмий маалымат булактары аркылуу үзгүлтүксүз жарыяланып турат.


Количество просмотров: 9