• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Журналист Соловьёвду өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалганы кабарланды

25 Чын куран 2022 17:46 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып, Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) “орусиялык белгилүү тележурналистти өлтүрүүгө аракет кылган террордук топтун ишине бөгөт койгонун” айтты. Президент журналисттин атын атаган жок.

“РИА Новости” ФСБга таянуу менен Бүткүл россиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын (ВГТРК) белгилүү алып баруучусу, Кремлдик позицияларды жактаган журналист Владимир Соловьёв жөнүндө сөз болуп жатканын жазды.

Басылма билдиргендей, кармалгандар неонацисттик террордук уюмдун мүчөлөрү болгон. Маалыматта Соловьёвду өлтүрүү буйругун Украинанын Коопсуздук кызматы бергени келтирилет. Бул мекеме орус тараптын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Булак: azattyk.org

Количество просмотров: 82