• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Футбол боюнча «Мурас” достук мелдешинде президенттин командасы жеңди

5 Бугу 202215:59 Бишкек Govori.TV

Бишкекте футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдешинин финалдык оюну өттү.

Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде болду.

Достук мелдешинин финалында “Президенттин администрациясы” командасы «Жогорку Кеңеш» менен оюн талаасына чыкты. Беттеш 7:3 эсебинде жыйынтыкталып, “Президенттин администрациясы” командасы жеңүүчү аталды.

Ал эми үчүнчү орунду “Алга” командасы ээлесе, төртүнчү орунга “Ыйман” илинди. Бул ирет чемпиондук наам үчүн ар тармактын кызматкерлеринен турган 12 команда күрөштү

Количество просмотров: 151