• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Ооган футболчулары оюн талаасын таштап чыгып кетишти

10 Кулжа 2023 23:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте футбол боюнча CAFA NATIONS CUP-2023 мелдеши өтүп жатат.

Анын алкагында Кыргызстандын футбол курамасы Ооганстандын командасы менен кез келди. Оюндун кошумча 7 мүнөт аралыгында кыргызстандык футболчу Эрнис Батырканов эсепти ачып, эсеп 1:0 болгон.

Бирок, ооган курамасы оюн талааны таштап чыгып кетишти.

Ал эми кыргыз футболчулары оюн талаасынан кете элек.

Белгилүү болгондой, 26-апрелде Дүйшөмбү шаарында Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын курамаларынын арасында өтө турган CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчү кулак ташталган. Анын жыйынтыгында Кыргызстан Ооганстан жана Иран менен «В» тайпасына жайгашкан.

«В» тайпасынын беттештери Бишкекте 10, 13, 16-июнда, ал эми «А» тайпасынын оюндары 11, 14, 17-июнда Ташкентте өтө турган болгон.

Количество просмотров: 397