• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өгөй атасы сабаган алты жашар баланын апасы андан баш тартты

2 Бештин айы 2020 17:03 Бишкек Govori.TV

Өгөй атасы сабаган алты жашар Рамазандын апасы андан баш тартты. Бул тууралуу баланын жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдиргенин 24.kg агенттиги жазды.

Анын айтымында, бала чоң апасы асырап алды.

«Рамазанга эч кандай коркунуч жок. Ага адамдар дагы эле тамак-аш, кийим кече жөнөтүп жатышат», — дейт юрист.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Октябрь районудук Ички иштер башкармалыгына 25 жаштагы Сокулук районунун тургуну кайрылып, 33 жаштагы жубайына чара көрүүнү суранган. Арыздануучунун айтымында 17-18-ноябрь түнү жубайы мас абалында анын алты жаштагы баласын эч себепсиз ур-токмокко алган. Бул факт «Жоруктар» кодексининин 75-беренеси менен каттого алынып, Сокулук районук ИИБне өткөрүлүп берилген. Кийин арыздануучу аял күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазган.

Количество просмотров: 1903