• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сузакта дарыяга түшүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси табылды

18 Бугу 20219:26 Бишкек Govori.TV

Сузакта мал айдап бара жатып дарыяга түшүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Канжыра дарыясына 2015-жылы туулган М.уулу М. мал айдап баратып Көк-Арт дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине 13 куткаруучу тартылып, кечки саат 17:00дө М.уулу М. аттуу баланын жансыз денеси табылып саат 17:24тө туугандарына өткөрүлүп берилген. Буга чейин саат 12:45те ӨКМнын Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 кызматкер тартылып, дарыяга түшүп кеткен баланы издөө иштери жүргөн.

Количество просмотров: 254