• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өгөй атасы 3 жаштагы кызды сабап, итке тыттырып салган

21 Бирдин айы 2018 17:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.02.18.Govori.TV

Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында 3 жаштагы кыз өгөй атасы сабап салган. Бул маалыматты Кадамжай райондук прокуратурасынан тастыктады.

Маалыматта «Кыз сабалгандан кийин 7-февраль күнү ооруканага жеңил жаракат менен түшкөн. Кызды  ооруканга алып барганда деенсиндеги көк алалар анча билинген эмес, кийин экспертизалык текешрүүдөн кийин сабалгандыгы белгилүү болгон. Ага шектүү катары өгөй атасы кармалган. Ал сабаганын жашыруу максатында кыздын бетин күчүктүн тырмактарына тыттырган» -деп жазылат.

Шектүү өгөй ата 1988-жылы Баткен облусунда туулган. Ага карата Кадамжай РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси ( кыйноо) боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 6