• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Газга болгон баа дагы өстү

14 Бирдин айы 2021 11:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жаратылыш газынын улуттук валюта менен эсептеген баасы бир аз жогорулады.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалыматына караганда, февраль айына бир куб метр газ калктын керектөөсү үчүн 18,06 тыйын деп белгиленди. Январь айындагы тарифке салыштырганда кымбаттоо 0,21 сомду түздү. Калк үчүн тариф январда 17,84 сом болчу.

«Газпром Кыргызстан» толугу менен Орусиянын «Газпром» компаниясына таандык ишкана. Ал Кыргызстандын ички рыногун жаратылыш газы менен камсыз кылат. Мындан тышкары Кыргызстанга газ тартып келүү боюнча 2030-жылга чейин эсептелген планын ишке ашырып келет

Количество просмотров: 303