«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын каражатына курулган мектептин байкоочу кеңеши директор Азамат Дикамбаевди кызмат ордунда калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.
Белгилей кетсек, 13-декабрда Азамат Дикамбаевдин ордуна 9-январдан тартып, №9 мектеп-гимназиясынын мурдагы директору Валентина Лисниченко келе турганы маалым болгон. Буга байланыштуу 14-декабрда аталган мектепте окуган балдардын ата-энелери нааразычылык акциясына чыгышкан.
«Ошол эле күнү мектеп жетекчилиги менен ата-энелерден турган жыйын өтүп, анда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директоруна, шаар мэри Азиз Суракматовго Азамат Дикамбаевди кызматта калтыруу тууралуу жамаатык кайрылуу жазышкан»,- деп айтылат маалыматта.