• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк башталды

25 Жетинин айы 202422:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүн аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга багытталган 16 күндүк өнөктүк башталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулукту коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева билдирди.

Ал белгилегендей, өнөктүк 25-ноябрдан 10-декабрга чейин уланып, өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.

«Кампания бүгүндөн тарта, 10-декабрга чейин өтөт. Бул мамлекет тарабынан да колдоого алынат. Кампаниянын негизги максаты — коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюуга багытталган иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу», — деди ал.

Количество просмотров: 117