• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Гепатитти дарыгерден жуктурган адам Жогорку Кеңешке келип чыркырады… (видео)

19 Жетинин айы 2019 10:02 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин комитетинде Саламаттык сактоо министрлигине жаран кайрылып, анын көйгөйүн байкабай жатканын айтты. Ал гепатит менен ооругандыктан депутаттарга жана министрге кайрылды. Жарандын айтымында гипатит оорусун алдын алуу боюнча чараларды көрүп, жок дегенде дени сактарга вакцина сайып берүүнү суранды.

«Мен тишимди алдырып жатам, бир жерим кесилип калат, мен силерге жуктуруп жатам, силер түшүнүшүңөр керек, ыйлашым керек болуп жатат. Аны алып келип сатып мен бизнес кылгым келген жок. Мен болгону силерге жугуп калбасын деп вакцинацияны сурап жатам. Вакцинация сайдырып алгала, коммерцияга эмес мамлекет өзүнө алсын, мамлекет өзүнө алмайын бизнес боло берет. Эми мага окшогондор 100 миңден. Силер жакшына олтурасынар менин бир эле тамчы каным жукса, сактана албайсыңар, мага окшоп миңдеген, миллиондогон акча сарптасаңар дагы. Министр же кааласаңыз сизге жуктуруп коеюн. Же жакшы уктай албайсың, же жакшы жашай албайсың. Ар бирибиз өзүнчө тилемчи болуп Индияга кетип жатабыз барып алмаштырып келели деп. Гепатит Д болгонума мына билбейм дагы канча жашайм. Бир жылдан бери жүрөм, мен боорумду алмаштырганга акча сураган жокмун, менин суранганым жөн гана жөнөкөй жарандарга вакцинация салып бергиле», — деди ал.

Рыскелди Момбеков: Урматтуу министр! Ушуну уялбай кантип уктуңуз?, кетиңиз!

Рыскелди Момбеков: Урматтуу министр! Ушуну уялбай кантип уктуңуз?, кетиңиз!

Опубликовано СДПК в ЖК КР Понедельник, 18 ноября 2019 г.
Количество просмотров: 4286