• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Германиянын президенти Киевге барды

25 Тогуздун айы 2022 16:46 Бишкек Govori.TV

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер алдын ала жарыяланбаган сапары менен Киевге барды. Бул тууралуу NTV телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, Штайнмайер сапардын алкагында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат деп күтүлүүдө.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Германия президентинин Киевге пландалган сапары эки жолу кийинкиге жылдырылган. Алгач 12-апрелге белгиленген сапары Украинанын демилгеси менен токтотулган. Анда немис басылмалары Зеленский Орусиянын кол салуусуна чейин Москва менен тыгыз байланышта болгону үчүн сынга кабылып келген Штайнмайер менен жолуккусу келбегенин жазышкан. Германиянын президенти 24-февралдан кийин саясий баа берүүдө жаңылышканын айтып, «Түндүк агым-2» газ куурунун курулушун колдогонун ката деп атаган.

Штайнмайердин Киевге сапары экинчи жолу 20-октябрда кийинкиге жылдырылган.

Количество просмотров: 111