• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция өтүп жатат

16 Чын куран 2024 12:40 Бишкек Govori.TV

Грузияда «чет элдик агент» мыйзам долбооруна каршы акция өтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, нааразычылык акция укук комитети аталган мыйзам долбоорун карай баштаганда башталган.

«Акция учурунда 14 киши кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

«Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө» жана «Чет элдик агенттерди каттоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун «Элдин күчү» кыймылы сунуштаган. Ага каршылар документ Орусияда мурда кабыл алынган мыйзамга окшош экенин, ал жарандык коомду куугунтукка алууга багытталганын белгилеп келишет.

Количество просмотров: 52