• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына каршы митингде 66 киши кармалды

9 Жалган куран 2023 8:54 Бишкек Govori.TV

Грузиянын баш калаасы Тбилиси шаарында «чет элдик агент тууралуу» жаңы мыйзамга каршы митингде 66 киши кармалды – аларга майда бейбаштык жана полицияга каршылык көрсөтүү жөнүндөгү административдик беренелер менен айыптар тагылды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары Кылмыш кодексинин «Полиция кызматкерлерине кол салуу» жана «Полициянын мүлкүнө зыян келтирүү же жок кылуу» беренелери боюнча тергөө иштери башталды.

«Акция катышуучулары полиция кызматкерлерине таштарды, тез күйүп кетүүчү каражаттарды ыргытып, аларга карата физикалык күч колдонушкан. Мындан тышкары демонстранттар ИИМдин автоунааларын талкалап, аларды өрттөшкөн. Ошондой эле парламент имаратын зыянга учуратышкан», – деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Мекеменин эсебине ылайык, нааразылык акциялардын жүрүшүндө 50гө жакын полиция кызматкери жараат алды. Азырынча жарадар болгон демонстранттар тууралуу маалыматтар жок.

7-мартта грузин парламенти «Чет элдик тыңчылар жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Документти 150 депутаттын 76сы колдогон.

Документ сырттан 20% ашуун каржыланган кандай гана уюм болбосун «чет элдик агент» деп каттоодон өтүүгө милдеттендирет. Бул шартты аткарбагандарга чоң айып пул салынат.

Оппозиция менен жарандык коом бийликти «Орусиянын жолоюна түшүп баратат, авторитардык ыкмага жол ачат» деп сындап, бул мыйзамга каршы болууда.

Количество просмотров: 52