• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ички валюта рыногундагы абал туруктуу бойдон сакталууда

28 Жетинин айы 2023 10:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда ички валюта рыногундагы абал туруктуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын Байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк өзгөрүлмө курс режимин сактоо менен валюталык соодага курстун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн гана катышат.

«Улуттук банктын ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенцияларынын жалпы көлөмү 2023-жылдын башынан бери (27-ноябрга карата) болжол менен 655,7 млн долларды түздү», — деди ал.

Количество просмотров: 55