Кыргызстандын жарандары эми ID-паспортун мамлекеттик мекемелерге барбастан онлайн алмаштыра алышат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урмат Камбаров билдирди.
Анын айтымында, жаңы кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, узун кезектерден арылтууга жардам берет.
«Биз жарандар үчүн ыңгайлуу жана заманбап кызматты ишке киргиздик. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу арыз тапшырып, фото-идентификациядан өтүп жана мамлекеттик төлөмдү онлайн төлөп, паспортту жаңыртууга болот. 1–3 күндүн ичинде документтер текшерилип, жаран жаңы паспортун өзү тандаган КТБдан ала алат», — деди Камбаров.
Ошондой эле ал санариптик мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүү улантылып жатканын кошумчалады.
Паспортту онлайн кантип алмаштырса болот?
Арыз текшерилгенден кийин жаранга билдирүү келип, ал жаңы паспортун ала алат.
Эске салсак, буга чейин «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн каттоону өзгөртүү кызматы да ишке киргизилген, бул система мындан ары да кеңейе бермекчи.