• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

II Элдик курултай аяктап, резолюция кабыл алынды

16 Бештин айы 2023 18:32 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эки күнгө созулган экинчи Элдик курултай аяктады.

Курултайга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышты.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасап, биринчи Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер, реформалардын жүрүшү тууралуу айтып берип, ошондой эле улуттук баалуулуктарды сактоо, уюштуруу жана өнүктүрүү максатында көрүлүп жаткан чараларды белгиледи.

Курултайдын экинчи күнүндө делегаттар кайрадан жарыш сөзгө чыгып, түштөн кийин алардын суроолоруна мамлекет башчысы өз жооп берди.

Элдик курултайдын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Количество просмотров: 214