• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Иран ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамын алды

5 Теке 2023 13:14 Бишкек Govori.TV

Иран Ислам Республикасы ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамын алды. Мындай декларация Нью-Дели саммитинде кабыл алынды.

Белгилей кетсек, күн мурун Индиянын төрагалыгы алдында ШКУнун самити өтүп, анын ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышты.

Мындан тышкары, иш-чарага алты эл аралык жана регионалдык уюмдардын жетекчилери катышты: БУУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (АСЕАН), КМШ, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелер (СВМД).

Эскерте кетсек, ШКУнун 22-саммити 2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында көзмө-көз форматта өткөн.

Количество просмотров: 69