• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Исакунова кайын журтун дагы элдин эсебинен саякаттоого чыгарганбы?

8 Тогуздун айы 2018 18:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.10.2018. Govori.TV
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунованын АКШга уруксатсыз барганын тастыкталды. Маалыматта айтылгандай, министр айым кызматтык иш сапарга мыйзамсыз гана чыкпастан, премьер министрдин каршылыгына карабастан дагы чыгууга жетишкен. Ал аз келгенсип үй-бүлөөсү жана кайын журту менен кошо элдин эсебинен саякаттаганы айтылган.
Эмгек жана өнүгүү министрлигинин жетекчилери мыйзамсыз дипломаттык паспортту колдонуу менен, чет өлкөлөргө иш сапарга чыгып келгени аныкталды. Башкы прокуратура аталган министрликтин кызматкерлери тарабынан бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктап, тиешелүү документтерди өкмөткө өткөрүп берди.
Расмий маалыматка ылайык, Исакунова 2017-жылы премьер-министрдин уруксаты жок, дипломаттык паспортту колдонуу менен АКШга барган. Бул туурасында аталган министрликтин мыйзамсыз саякаттоосун текшерүүнү ЖК депутаты Аида Касмалиева табыштаган.
Таалайгүл Исакунова 2017-жылы премьер-министрдин уруксаты жок, АКШда үчүнчү глобалдуу симпозиумуна катышууга, андан ары 2017-жылдын 15-ноябрында, балдар эмгегин колдонууга каршы күрөш боюнча IV Эл аралык жыйынга катышуу үчүн, Аргентина Республикасына сапар алган.

Эмгек жана өнүгүү министрлигинин жетекчилиги 2017-жылдан баштап 2018-жылдын сентябрь айына чейин, 26 чет элдик иш-сапарга чыгуу катталып, анын ичинде министр Исакунова тогуз жолу, орун басарлары Зууракан Каденова он жолу, Лунара Мамытова үч, Жылдыз Полотова төрт жолу сапарга чыкканы маалым болду.
Мындан сырткары, Исакунова менен Мамытова кызматтык иш-сапары аяктаган соң, дипломаттык паспортту өз убагында кайтарып беришкен эмес.
Буга байланыштуу Башкы көзөмөл органы 4-октябрда жогорудагы мыйзам бузууларды жоюу үчүн өкмөткө сунуш киргизди.
Количество просмотров: 23