• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ишин билбеген Ибраев… «Мышык чычкан ойногон» комитет менен фракция…

26 Жалган куран 2019 12:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.03.2019. Govori.TV

«Govori.TV» мультимедиалык агенттиги Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаев ден соолугуна байланыштуу мандат алган күндөн бери ишке чыга электигин жазып чыккан. Бул  маселе боюнча «Кыргызстан» фракциясынын бөлүм башчысы А. Токтогулов пикирин билдирген. «Govori.TV» агенттиги муну менен катар Жогорку Кеңештин аппарат башчысы С. Ибраевге атайын кат менен кайрылган, андан бери жооп жок.

Каттын жообун алуу үчүн редакция аппаратка бир нече жолу кайрылган. Маалыматка караганда «Кыргызстан» фракциясы маселени чечүү үчүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине кат жөнөткөн. Аталган комитет  жоопкерчиликти фракциянын өзүнө оодарып, айтор бул маселе ачык бойдон калууда. Жогорку Кеңештин уюштуруу бөлүмүнүн билдирмесинде депутат Насыр Мусаев 2018-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын март айына чейин  бир сессиялык мөөнөттө жүйөлүү себептерсиз 45 жумуш күнүн калтырганы көрсөтүлгөн.

Эске салсак, Насыр Мусаев Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын көзү өтүп кеткен депутаты Жыргалбек Калмаматовдун ордуна былтыр апрель айында келген. Жогорку Кеңещтин төрагасы Д. Жумабеков «Кыргызстан» фракциясынан.    

Количество просмотров: 37