• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ишкер УКМК кызматкерлери тарабынан токмоктолгонун айтып, акыйкатчыга кайрылды

20 Бугу 202612:58 Бишкек Govori.TV

Жеке ишкер УКМКнын 9 кызматкери тарабынан токмоктолгонун айтып, Акыйкатчы институтуна кайрылды.

Акыйкатчылыктын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде жеке ишкер Р.Ч. акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабыл алуусунда болуп, укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылганын билдирип, мыйзамдуу укуктарын коргоп берүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ага карашы кылмыш иши козголгон. Ал ведомствонун имаратында сурак берүү учурунда коопсуздук кызматынын 9 кызматкери аны ур-токмокко алып, натыйжада кабыргасы сынган.

Жабырлануучу кызматкерлерге мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү менен Аскер прокуратурасына кайрылган. Бирок көзөмөл органы ден соолукка келтирилген зыян боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жок деген жүйөө менен кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Мындан улам, ишкер акыйкатчыдан кыйноо фактысы боюнча укугун коргоп берүүнү гана эмес, тергөө органдары мыйзамсыз алып койгон жеке буюмдарын, тагыраагы, автоунаасы менен паспортун кайтарып алууга көмөктөшүүнү суранган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева КР Конституциясына жана эл аралык ченемдерге ылайык, эч ким кыйноого же адамкерчиликсиз мамилеге дуушар болбошу керектигин баса белгиледи. Акыйкатчы институту дароо Башкы прокуратурага ишкердин арызы боюнча буга чейин кабыл алынган баш тартуу чечимин кайра карап чыгуу сунушу менен расмий кат жөнөткөн.

Акыйкатчынын катынын негизинде Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, 2026-жылдын 18-майында Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (“Дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен бийликтен аша чабуу”) боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 198