Бүгүн, 30-майда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына ишкерлер кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы нааразычылык акцияга чогулушту.
Акциянын катышуучулары кассалык аппаратты орнотуу талабын жокко чыгаруу менен бирге, эсеп-фактураны тапшырууну да жокко чыгарууну талап кылышууда.
«Биз патенттик система боюнча ишти уланткыбыз келет, анткени товар акыркы керектөөчүгө жеткенге чейин эсеп-фактура үч жолу тапшырылат. Мындай жаңычылдыкты киргизүүдөн мурун биз менен кеңешсек болмок, анткени бул система андан да көп коррупцияны жаратат», — дейт акциянын катышуучусу.