• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ишкерлер вице-мэр Орунтаев менен жолугушууга келишкен эмес. Мэрия билдирүү таратты

5 Кулжа 2023 12:31 Бишкек Govori.TV

Мэрия ишкерлерди кайрадан жолугушууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, Октябрь администрациясынын залында 2023-жылдын 2-июнунда саат 10:00дө мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев менен Манас-Ч. Айтматов проспектиси менен Ю. Абдрахманов-Б. Баатыр көчөлөрүндө иш алып барган ишкерлердин жолугушуусу пландаштырылган. Бирок, 10 гана адам катышты.

«Күн тартибинде кирүү топторунун бирдиктүү дизайнын, көрнөктөрдү ж.б.у.с. талкуулоо болду. Бул тема боюнча да суроолорду берсеңиздер болот. Буга байланыштуу Байтик Баатыр көч., 17 (Октябрь администрациясынын жыйындар залы) дареги боюнча отурум 2023-жылдын 6-июнуна саат 10:00гө жылдырылды», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 291