• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Иштамберди» кенинде Өкмөт жыйын курат

13 Кулжа 2018 8:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.06.2018. Govori.TV

Бүгүн Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов  баштаган өкмөт өкүлдөрү Иштамберди кенинде жыйын курат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, жыйында аткаминерлер аталган кенди иштетүүгө каршы чыгып жаткан  жергиликтүү тургундар менен баарлашып, кендин айлаласындагы экологиялык, экономикалык абалды талкуулап, инвесторлор  менен эллин пикир келишпеситигине чекит коюулмакчы.  Эске сала кетсек,  Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү 300дөй тургун 12-июнда митингге чыгышкан. Алар кен мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан.

Количество просмотров: 38