• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ислам оюндарында жаачы Ынтымак Мурадил уулу алтын утту

16 Баш оона 202215:47 Бишкек Govori.TV

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында жаачы Ынтымак Мурадил уулу алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн салттуу жаа атуу боюнча тайпалык беттештер жыйынтыкталып, сыйлоо аземи өтөт.

Белгилей кетсек, учурда Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндары өтүп жатат. Кыргыз командасынын куржунунда жалпы 21 медаль чогулду, анын ичинен сегизи алтын, алтоо күмүш жана жетөө коло.

Количество просмотров: 129