• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Испания футбол федерациясынын башчысы отставкага кетти

11 Аяк оона 2023 17:15 Бишкек Govori.TV

Испаниянын футбол федерациясынын жетекчиси Луис Рубиалес кызматтан кетти. Ал отставка кетерин жекшемби күнү британиялык теле алып баруучу Пирс Морган менен болгон эки сааттык маегинде билдирген.

Буга Рубиалестин Испания курама командасынын оюнчусу Женни Эрмосону өпкөнү үчүн катуу сынга алынганы себеп болду.

46 жаштагы Рубиалес Аялдар арасындагы дүйнө чемпиондугунда испандардын жеңишинен кийин сүйүнгөнүнө чыдабай, 33 жаштагы Эрмосону оозунан өөп алган. Футболчу айым аткаминердин бул жоругу ага жакпай калганын айткан. Рубиалес ага үйлөнөм деп тамашалаган. Бул окуядан катуу талаш чыгып, жосунсуз жоругу үчүн аны кызматтан кетирүү талабы көтөрүлгөн.

Анын бул аракетин көптөгөн спортчулар, аткаминерлер жана спорттук кесиптик кошуундар дароо айыпташкан. Бир нече күндөн кийин Испаниянын аялдар футбол лигасы Рубиалес уяттуу ишараты менен испан спортунун бетине көө жапканын билдирген.

Уюм бул окуяны болуп көрбөгөндөй эл аралык маскарачылык деп атаган. «Дүйнө аял оюнчуларга көңүл бурушу керек учурда, президент дүйнөнүн көңүлүн өзүнүн эркектик сапатына бурууга мажбурлады», — деп айтылган билдирүүдө.

Эл аралык футбол федерациясы Рубиалести 90 күнгө футболдон четтеткен. Испаниянын көптөгөн саясатчылары жана коомдук ишмерлери анын кызматтан кетишин талап кылышкан. Ал Эросмо өбүшүүгө макул болгонун айтып, өзү «жалган феминизмдин» курмандыгы болуп калганын билдирген. Эросмо айтылгандарды четке кагып, полицияга кайрылган.

Эми спорт аткаминери жоопко тартылышы мүмкүн. Испаниянын прокурорлору сексуалдык мүнөздөгү кылмыштын курамын аныктоо үчүн алдын ала тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 71